Рейтинг: | Добуш: 3 | Пикир: 0 | 2012-07-30 | Окугандар: 292
Наргиза Айтемирова, ырчы Туулган жылы: 1991-жылы 3-март Туулуп өскөн жери: Баткен облусунун Айдаркен шаарчасы Билими: Ош Мамлекеттик университеттинин журналистика факультетинин 3-курсунун студенти. Жашаган жери: Бишкек шаары үй-бүлөлүк абалы: бойдок Канча бир тууган?: ата-энеси жана үч бир туугандын ортончосу. Бир байкеси, бир иниси бар. -Наргиза айтсаң, журналистика факультетинде билим алып жатып эмне себептен ырчылыкты тандап алдың? -Журналистикага өз каалоом менен эмес ата-энемдин сушуну менен тапшырып калдым. Ал эми менин каалоом ырчылык экенин сездим. Капаска кушту камап койгондой эле абалда болот экенсиң, өз каалоо-максатыңа жетпей калганың... Ошол себептен ырчылык менен журналистиканы бирге алып кетсемби деп атам. - Токтогулдуктардын экономист же юрист боло албай калсам, ырчы болуп кетем деген тамаша сөзү бар эмеспи... Анын сыңарындай сенде да ушундай максаттар болгон жокпу? -Жок. Мен биринчиден Токтогулдан эмесмин. өрүкзарлуу Баткен облусунуна караштуу Айдаркен шаарчасынан болом. Чындыгында ырчылылыкка жаңыдан башбагып кирип жаткандан кийин, кесип катары эсептейм. Анткени, хобби катары эсептегенде өзүңдүн кесибиңе карата кандайдыр бир жоопкерчиликсиз мамиле болуп калышы мүмкүн... Ошондуктан ар бир кесип ардактуу болгону менен ошончо эмгекти талап кылат. Кудай буюрса билим алайын деп жатам. Анткени, музыкалык билим жок, алыска жүгүрө албайсың... Кыргыз элимде бир пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек керек деп айтылган кеп бар эмеспи... Ошол себептен билим алуу алдыдагы пландарымдын бири. -Качан, кайсы окуу жайдан билим алайын деп жатасың? -Ушул жылы эле Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониядан окуюн деп атам. -Азыркы учурда бир ыр жарата калып эле жылдыз оорусу менен ооругандар көбөйүп кетпедиби? Сенин канча ырың, канча клибиң бар? -Сиз айткандай, жылдыз ооруусу менен ооруп көрө элекмин жана оорубаймын дагы. Себеби, бул нерсенин бардыгы адамдын өзүнө байланыштуу болсо керек дейм. Азыркы учурда репертуарымда 5 ырым, 2 клибимди тарттырып бүттүм. Монтаждоо иштери жүрүп жатат. -Сенин ырларың элге тартууланып жатабы? Мисалы, мен уга элекмин... -Сиз туура баамдадыңыз. Эки ырымды Марал , Алмаз радиолорунда угармандарга тартууланып жатат. Бир жума убакыт гана болгондуктан элдин катмарына сиңе элек. Эми Кудай буюрса Бактылуу болуп жашайын , Унуталбайм деген ырларымды башка радиолорго да бере баштайм. Ошондо сиз дагы, угармандар дагы күбө боло алат. Ошондой эле жогруда аталган эки ырыма клип тарттырдым. -Клип тарттыруу, ыр жаздыруу өзүнчө эле машакаттуу иш эмеспи... Акча каражаты жагынан кайсы булактардан табасың? -Бөлөк ырчылардай сыяктуу эле өзүм Бишкек шаарынын кафелеринде иштейм жана бир туугандарым, ата-энем менин талантымды, чыгармачылыгымды баалап, каражат жагынан колдоо көрсөтүп турушат. -Башка жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылар продюссерсиз эч жакка да басышпайт го? Продюссер менен иш алып барасыңбы? -Азырынча продюссерлерге деле кайрылып көргөн жокмун. Мен өзүмө продюссер болуп жүрөм. Калганын убакыт көрсөтөөр... Аракет кылсаң берекет дегендей... -Ырларыңдын текстерин өзүң жазасыңбы? -Албетте, өзүм жазбайм. Тааныш эже-агаларым жазып беришет. -Сен ырдын текстин мазмунуна маани бересиңби же аранжировкасынабы? -Биринчиден обон жаралат эмеспи, андан кийин ошого жараша текст жазылат дегендей... Эки жагына тең маани берем. -Ырчылар жаңыдан жакшы болуп чыгып, эл алдына чыга баштагандан кийин айрым колунда барлар көз артып атайын кара тизмеге жазгандар болот экен. Эгерде бизнесмендерден кол сурап калса эмне кылат элең? - Кара тизмесине , ак тизмесине тизип алабы кеп анда эмес. Ошентип тизмеге тизип коюп акча менен каалаганды кылып алам деген кыргыздын мырзаларына азыртан эле жооп айтып койсом болот: адам адам боюнча жашаш керек, эгер ушул сыяктуу кир жолго бара турган болсо, ага мен тараптан жол жок Мен үчүн эң биринчиден адамкерчилик, ар намыс, абийир биринчи орунда турат. -Ырчы болуп элге таанылып анан бизнесменди кармап алуу деген пикирлер коомчулукта айтылып жүрөт. Буга кандай комменттарий бере аласың? -Менде андай ой-максаттар жок. Кудай кимге буюрса ошол болот да. Жакшы көрүнүү менен колунда бар байларга жагынып турмуш куруу дегендин өзү туура эмес. Балким ушул максат менен жүргөндөр бардыр, мен аларга жооп бере албайм. -Сенин сүйгөнүң барбы? -Азырынча жок. Мен үчүн билим алып, татыктуу чыгармаларымды элге тартууласам деген максат биринчи орунда турат. Ал эми үй-бүлө куруу туурасында ойлоно элекмин. Балким бул ойго сүйүүгө кабылбаганым себеп болуп жатса керек. -Мырзалардын кандай сапатын баалайсың? -Ыймандуу, чечкиндүү, жөнөкөй жана адамкерчиликтүү жигиттерди баалайм. -Негизинен чыгармачыл адамдарды ушак-айыңдар коштоп жүрөт эмеспи... Ушактарга кандай карайсың? -Аллахтын астында ким эмне кылса ошол жооп берет. Ушак айтып жамантты кылам дегендер дагы өздөрү Кудайдын астында жооп берет. Мен бир гана Кудайга коём. Себеби, мен алар менен алышып, жаман-жакшы да көрүнгүм келбейт. Бирок, мен жөнүндө азырынча ушактар боло элек, анын бетине ары кылсын, эгерде болуп калса, жогоруда айткандай мамиле кылам. -Ырчылардан кумир туткандарыңдан болсо керек?.. -Whitney Elizabeth Houston (Уи±тни Эли±забет Хью±стон), Валерия, Айжамал Кабыловалардын талантын баалайм. Алардын ырдаган стилдери жагат. Бирок, аларды туурап, аларга карап түздөнбөйм. Маектешкен: Канат Кебеков
Наргиза Айтемирова, ырчы: Ушул сыяктуу кир жолго бара турган болсо, ага мен тараптан жол жок
«FAKT.KG» Коомдук-саясий порталы. Жаңылыктар жана фактылар. Айттыңбы, кылдыңбы, жаздыңбы - бул факт!
.:: FAKT.KG ::. Коомдук-саясий порталы. Жаңылыктар жана фактылар. Айттыңбы, кылдыңбы, жаздыңбы - бул факт!
Комментариев нет:
Отправить комментарий